Главная > Университет > КТМУ мугалими Мамбетакунов КР ЖКден сыйлыка татыктуу болду

КТМУ мугалими Мамбетакунов КР ЖКден сыйлыка татыктуу болду


20 апреля, 13:40. Разместил: bn

15-апрель күнү Жогорку Кеӊеште кыргыз парламенти менен эриш-аркак иштешип, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп жаткан жарандарга, өлкө аймагында калк турмушун жакшыртуу, алардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү, элибиздин руханий жана маданий деӊгээлин көтөрүү, жаш муундарга таалим-тарбыя берүү жаатында өз салымын кошуп жаткан атуулдарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын сыйлыктарын тапшыруу аземи болду.

Иш-чаранын алкагында КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын “Маданият менен искусствону өнүктүрүүгө сиӊирген эмгеги үчүн” төшбелгиси менен Коммуникация факультетинин Радио, ТВ ж-а киноискусство бөлүмүнүн башчысы, КРнын Эл артиси, доцент Молдосейит Мамбетакунов сыйланды.

Ошондой эле Жогорку Кеӊештин Ардак грамоталары, Жогорку Кеӊештин баалуу сааттары менен сыйлангандардын арасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мугалимдер менен окумуштуулар, дарыгерлер менен судьялар, спортчулар менен машыктыруучулар, маданий жана коомдук ишмерлер сындуу көптөгөн кесип ээлери бар.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү,
ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу


Вернуться назад