Главная > Университет > Маданиятты жана искусствону колдоо - келечекти колдоо

Маданиятты жана искусствону колдоо - келечекти колдоо


6 апрель, 16:23. Разместил: bn

Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Курманжан Датка кѳркѳм ѳнѳр галереясында Кыргыз Республикасынын Эл сүрѳтчүсү, профессор Сүйүтбек Төрөбековдун “Живопись мотивдери” аттуу жеке сүрѳт кѳргѳзмѳсү ачылды.

Иш-чарага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан да катышты. Профессор Сүйүтбек Төрөбеков ыраазычылык иретинде университеттин ректоруна өзүнүн чыгармалар жыйнагы китебин белекке берди.

Курманжан Датка сүрөт галереясы - 2021-жылдын 8-апрелинде Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Н.Билал Эрдогандын катышуусунда чыгармачыл инсандардын, авторлордун ишмердигин жана кесипкѳй искусствону ѳнүктүрүү жана аны колдоо максатында ачылган.


Вернуться назад