Главная > Новости "Медиа Манас" > Джаз-Бишкек-Жаз 2022

Джаз-Бишкек-Жаз 2022


12 апреля, 12:05. Разместил: gulzira

"Жаңы күн" берүүсүндө Бишкекте 17-ирет өтө турчу Джаз-Бишкек-Жаз 2022 фестивалы жөнүндө маек курдук. Студияда конокто фестивалдын PR менеджери Чинара Тюлегенова, "Викрам Рузахунов и Ко" группасынын солисти Анара Жыргалбекова жана волонтер Зияда Шамуратова болду.

"Бул жылкы фестивалдын өзгөчөлүгү АКШ, Израиль,Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандык музыканттардын катышуусу менен гибриддик форматта өтөт. Эң кызыгы ритуалдык бийлер орун алат. Саймалуу-Таштагы петроглифтердин маанисин бий аркылуу чагылдырып беришет" - дейт Чинара Тюлегенова.

Эфир учурунда Анара Жыргалбекова джаз стилиндеги музыкалык чыгармаларды жандуу үн менен аткарып берди.

Эскерте кетсек, фестиваль 23-24-апрелде Улуттук Филармониянын чоң залында өтөт. Ал эми 21-22-апрель күндөрү белгилүү музыканттар тарабынан MEDIAMANAS студиясында мастер-класс уюштурулат.

Баарыңыздарды күтөбүз!


Вернуться назад