Главная > Университет > Түрк ырларынын конкурсу
Түрк ырларынын конкурсу23 март, 16:50. Разместил: baris |
2022-жылдын 23-мартында окуу жайыбыздын “Маданият борборунда” чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо курсу түрк тилин үйрөтүү координаторлугу тарабынан студенттер арасында “Түрк ырларынын конкурсу” уюштурулду. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышты. Конкурстун жыйынтыгында 1-орунду “Sil Baştan” аттуу ыры менен Бурулай Ташполотова, 2-орунду “Gizli Aşk” чыгармасынын аткаруусу менен Канышай Шейшенова жана Бексултан Абдыбеков, ал эми 3-орунду “İstersen” чыгармасынын аткаруусунда Айжамал Мукашова жеңип алды. Вернуться назад |