Главная > Университет > КТМУга Бинали Йылдырым баштаган делегация келди

КТМУга Бинали Йылдырым баштаган делегация келди


22 март, 22:17. Разместил: bn

Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түрк мамлекеттеринин Аксакалдар кеңешинин төрагасы, АКПнын төрагасынын орун басары, экс-премьер-министр Бинали Йылдырым жана аны коштогон делегация мүчѳлѳрү университетке келип, окуу жайдын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ ректор, профессор Алпаслан Жейлан КТМУнун буга чейинки аткарылган иштери тууралуу маалымат берип, Бинали Йылдырым мырзанын окуу жайга зыярат кылып келгенине ыраазычылык билдирди.

 Ал эми Бинали Йылдырым ѳз сѳзүндѳ окуу жайдагы ѳсүштѳрдү кѳрүп, абдан кубанганын жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы карым-катнаштын ѳнүгүшүнѳ чоң салым кошуп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле университетке кѳрсѳтүлгѳн колдоо улана береерин айтып, президент Режеп Тайып Эрдогандын саламын жана жылуу сѳздѳрүн жеткирди.


Вернуться назад