Главная > Университет > 1. УЛУТТУК КУРУТ ФЕСТИВАЛЫ

1. УЛУТТУК КУРУТ ФЕСТИВАЛЫ


18 апреля, 17:04. Разместил: bulentnamal

Адаттагыдай эле, дагы бир ирээт биринчилерден болуп КТМУ Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби кыргыз улуттук тамак-аш маданиятын таанытууга өз салымын кошо алды. 

Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен ортоктошо алгачкы ирээт  уюштурган «1. Улуттук курут фестивалы» 2016-жылдын 17 апрель Жекшемби күнү университетибиздин Чынгыз Айтматов атындагы кампусундагы ачык спорт аянтчасында Кыргызстандын 7 дубанынан келген көптөгөн катышуучулардын  жана коноктордун катышуусу менен абдан кызыктуу өттү.

Фестивалга 50гө жакын курут өндүргөн ишканалар жана жеке ишкерлер менен катар,  КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов, министирлигин өкүлдөрү; жергиликтүү жана чет өлкөлүк ММК; көп сандагы коноктор; университетибиздин жамааты жана студенттери катышты.

КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов курутту кыргыздар байыртадан бери жасап келгендигин жана анын курамында адамга керектүү заттар көп болгондуктан ден соолуукка пайдалуу экендигин баса белгилеп, иш-чара ушуну менен токтоп калбай, жыл сайын салт катары уланат деди.

Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин мүдүрү Доц. Барыш Эрдем фестивал тууралуу ой пикирин төмөндөгүдөй билдирди: “Учурда гастрономиялык туризм дүйнөдө жаңы бир агым катары популярдуулукка ээ болууда. Көптөгөн изилдөөлөргө карата гастрономиялык максат менен саякаттаган туристтердин 80% жергиликтүү тамактардын даамын татып, рецептерин алып жана жакындары менен бөлүшүү максатында өз өлкөсүнө ала кетери далилденген. Кыргызстан Орто Азиядагы гастрономиялык туризмди өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноору талашсыз. Курут – кыргыз маданиятынын маанилүү гастрономиялык баалуулугу.

Кызуу кызыгууну жараткан фестивалдын алкагында кыргыздын улуттук оюндары жана концерттик программасынын коштоосунда өндүрүүчүлөр продукцияларын калктын назарына суна алышты.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү,
ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу


Вернуться назад