Главная > Новости "Медиа Манас" > АЛЬ-ХОРЕЗМИ ЖАНА МАТЕМАТИКА

АЛЬ-ХОРЕЗМИ ЖАНА МАТЕМАТИКА


1 марта, 12:02. Разместил: Jyldyzbek

              "Математика грек тилинен которгондо илим изилдөө дегенди билдирет, ички эрежелери менен өнүккөн, көптөгөн багыттарга ээ болгон, башка илимдердин илимий-изилдөө жасоосуна, ийгиликке жетүүсүнө шарт түзүп берген фундаменталдык илим, ошондуктан эң керектүү болуп саналат"- деп кеп баштады студиянын коногу. 

Математиканын жашообуздун ар бир бөлүгүндө бар экенин белгилеген Анаркүл айым маегинин негизги бөлүгүн Чыгыштын жылдызы, математиканын фундаментин түзгөн адам, көптөгөн формула, таблицала, эреже, функцияларды иштеп чыгып ушул илимге киргизген Мухаммад ибн Муса Аль-Хорезмиге арнады.

              Фундаменталдык илимдердин негиздөөчүсү, алгебрадагы алгачкы трактатты ойлоп тапкан, квадраттык теңдемелерди, аянтты чыгарууда жөнөкөй жолду көрсөткөн, ондук позициялык сандарды татаалдан учурдагы абалга алып келген адам Аль-Хорезмини илимпоз, энциклопедист, интеллектуал, өз доорунун генийи деп атап, Джорж Сартондун баалоосуна кошуларын, дайыма Аль-Хорезминин Орто Азиядан чыкканы менен сыймыктанарын, жаштарга мисал катары унуттурбай айтып келээрин баяндады. 

               Ал эми көрсөтүүнүн жыйынтык бөлүгүндө болсо профессор Анаркүл Урдалетова азыркы таптагы мектептерде окутулуп жаткан математика сабактарынын программалары тууралуу кеп козгоп, көп жерлерде математиканы үйрөтүүдөгү өнүккөн усул-ыкмаларды колдонбой илгерки бойдон кала бергенибизди сынга алып кетти.

 

                МедиаМанас, 2022, Жылдызбек Турсунбаев


Вернуться назад