Главная > Университет > Кесиптик жогорку мектебинде таанытуу иш-чарасы

Кесиптик жогорку мектебинде таанытуу иш-чарасы


24 февраль, 19:01. Разместил: baris

24-февралда университеттин кесиптик жогорку мектеби Кыргызстандагы кесиптик лицейлердин жана колледждердин жетекчилери үчүн таанытуу иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чарада КТМУнун таанытуу тасмасы кѳрсѳтүлүп, окуу жайдын факультеттери, илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары менен тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду.

Тааныштыруу иштеринен кийин университеттин жетекчилиги келген коноктор менен бирге дасторкон үстүндѳ кызматташуу тууралуу пикир алышты.


Вернуться назад