Главная > Университет > Кыргызстан жаштардын көзү менен

Кыргызстан жаштардын көзү менен


15 апреля, 12:27. Разместил: bulentnamal

КТМУнун Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин  Саякат иши жана гид кызматы бөлүмүндө 2-курста окуп жаткан Акбий Акматов, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде Жалал-Абад шаарында өткөн студенттер арасында "Эл аралык жаш окумуштуу" аттуу конференцияда "Экология жана туризм" аталышындагы отурумда "Кыргызстандын экономикасынын шарттарында тоо Туризм мүмкүнчүлүгү" деген баяндамасы менен "Эң мыкты баяндама" деген номинацияга ээ болду.

КРнын Билим берүү жана илдим министрлиги тарабынан уюштурулган бул конференцияга Кыргызстан, Түркия, Орусия, Азербайжан жана Кытайдан, жалпысынан 200 студент катышкан.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү,
ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу


Вернуться назад