Главная > Университет > Адабий сыйлык өз ээсин тапты

Адабий сыйлык өз ээсин тапты


5 апреля, 22:26. Разместил: bn

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин кыргыз тили координатору, акын жана котормочу Алтынбек Исмаилов бул жолу «Жолон Мамытов» атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болду.

Аталган адабий сыйлык белгилүү акын Жолон Мамытовдун 80 жылдыгына арналган ОшМУдагы эскерүү кечеде тапшырылды.

Эске салсак, өткөн айда Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар союзунун Кыргызстандагы өкүлү Алтынбек Исмаилов «Агыш түн» аттуу ыр жыйнагы үчүн «Алтын калем» сыйлыгы ыйгарылган эле.


Вернуться назад