Главная > Университет > АЛТЫНБЕК ИСМАИЛОВ «АЛТЫН КАЛЕМ» СЫЙЛЫГЫНА ЭЭ БОЛДУ.

АЛТЫНБЕК ИСМАИЛОВ «АЛТЫН КАЛЕМ» СЫЙЛЫГЫНА ЭЭ БОЛДУ.


25 марта, 14:30. Разместил: bn

21-март күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектебине караштуу Кыргыз тили координаторлугунун координатору, акын жана котормочу Алтынбек Исмаиловдун жакында жарык көргөн «Агыш түн» ыр жыйнагы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун «Алтын калем» сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлыкты аталган китептин ачылыш аземине катышкан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков тапшырды.

«Агыш түндүн» ачылыш аземи жана акындын поэзия кечеси борбор калаадагы «Сармерден» ресторанында өттү.

Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, Түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар союзунун Кыргызстандагы өкүлү, кесиптешибиз Алтынбек Исмаиловду окуу жайдын атынан чын дилден куттуктап, агачыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!


Вернуться назад