Главная > Новости "Медиа Манас" > Китеп окубасам, иш кылбагандай, убактымды бекер өткөргөндөй сезем

Китеп окубасам, иш кылбагандай, убактымды бекер өткөргөндөй сезем


16 марта, 10:34. Разместил: sharizat

11.03.2020 "Антидепрессант" программасында Студенттик кеңештин Текшерүү тобунун төрагасы Фуркан Эсад Айдын (Furkan Esad Aydın) конокто болду. Кандайча студенттик кеңеште иштеп калганын, кыргыз тилин үйрөнүүдө көп деле кыйынчылык болбогонун айтып, угармандардын бардык суроолоруна ачык жооп берип жатты.

Фуркан Эсад Айдын :"Студенттик кеңеште иштөө үчүн жоопкерчилик керек. Адамдар менен мамиле курганды билишиң керек"- деп билдирип, эфирибизде кыргызча маек курду.

Кыргыз тилинде оюн эркин жеткирген Фуркан: "Китеп окубасам, иш кылбагандай, убактымды бекер өткөргөндөй сезем.
Кыргыз адабиятынан Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасын окугам "-деди.

Белгилей кетсек, Фуркан Эсад Айдын Кыргыз-Түрк Манас университетинин психология бөлүмүндө билим алат.

Маектешкендер:
Айтумар Мурзали кызы,
Элизат Осмонова,
Нурайым Кудабаева.

Жазган:
Нурайым Кудабаева.


Вернуться назад