Главная > Новости "Медиа Манас" > Нурсултан Малдыбаев: "Көбүн эсе ырларым маанай жок мезгилде жаралат"

Нурсултан Малдыбаев: "Көбүн эсе ырларым маанай жок мезгилде жаралат"


16 марта, 10:26. Разместил: sharizat

10.03.2020."Антидепрессант" программасында ар шейшемби болуучу "Акын ыры" саатына жаш төкмө акын Нурсултан Малдыбаев конокто болду. Ал эфирде угармандарыбыздын кызыккан суроолоруна ачык, так жооп берип жатты.

Нурсултан мырза: " Чыгармалыкта устат аябай маанилүү экен. Алар жол көрсөтүп, кеңешин айтып турушат."- өзүнүн устаттарына ыраазычылык билдирди.

Бир гана суроолорго жооп бербестен, поэзия саптарын окуп, угармандарга өз өнөрүн тартуулады. "Төкмө акын поэзия ырларын жаза алат. Ал эми жазгыч акындар төгө алабы? Ал өзүнчө суроо"- деген коногубуз алгач төкмөдөн ордун таап, андан соң баракка ырлар жазганын да айтты.

"Көбүн эсе ырларым маанай жок мезгилде же капаланып, буулугуп турганымда жаралат"- деп тамаша аралаш өзүнүн сырын ачып, комуз менен да эфир аягында "Манас" радиосу жөнүндө төгүп ырдап да берди.

Маектешкендер:
Айтумар Мурзали кызы,
Элизат Осмонова,
Нурайым Кудабаева.

Жазган:
Нурайым Кудабаева.


Вернуться назад