19.02.2020 "Антидепрессант" программасында Студенттик кеңештин мүчөсү Аликбек Тургунбаев конокто болду. Эфирдин жүрүшүндө өткөн аптада болуп өткөн "Жылуулук акциясы" туурасында ой-пикирин айтып жана учурда "Шахмат таймашы" болуп жатканын билдирди. Угармандардан келген суроолорго жооп берип, ал: "Студенттик кеңеште иштөө пунктуалдуу болууну, жоопкерчиликти, жана башка көп жакшы жакка тарбиялады"-деп айтты. Белгилей кетсек, Аликбек Тургунбаев студенттик кеңештин спорт жаатын карайт. Учурда университетибиздин Туризм факультетинин туризм жана мейманканаларды башкаруу бөлүмүндө 1-курстун студенти. Жазган: Нурайым Кудабаева Маектешкен: Нурайым Кудабаева Элизат Осмонова
Вернуться назад
|