Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Актан Рыскелдиев: "Эрте үйлөнбөгөнүмө өкүнөм"

Актан Рыскелдиев: "Эрте үйлөнбөгөнүмө өкүнөм"


13 февраля, 14:14. Разместил: sharizat

11.02.2020 "Автопортрет" уктуруусунда конокто көп кырдуу талант, тамашоучу Актан Рыскелдиев болду. Тактыкты  сүйгөн коногубуз эфирдин жүрүшүндө угармандардан келген суроолорго жооп берип эле тим болбостон анекдот айтып элдин маанайын көтөрүп эфирди шаңга бөлөдү.

 

  "Бала чагымда спортчу болгум келчү, бирок тилекке каршы ал кыялым орундалбай калды, ошол кыялымды балдарым орундатып спорт тармагына кетүүнү ойлойм"-деди

"Жашоодо эмнеге өкүнөсүз?"-деген угарманыбыздын суроосуна:"Негизи өкүнгөн нерсем жок,кээде эртерээк үйлөнбөгөнүмө өкүнөм "-деп жооп узатты.

 

  Актан Рыскелдиевдин өзгөчө анегдотун жана эфирди толугу менен YouTube каналыбыздан көрө аласыздар.

 

 Маектешкен: Жоомарт Шайдылдаев

 Жазган: Айзирек Паязханова


Вернуться назад