Главная > Новости "Медиа Манас" > “Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт"- кризистик борборлор ассоциациясы

“Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт"- кризистик борборлор ассоциациясы


6 февраля, 11:18. Разместил: sharizat

Заман өнүктү, бардык адамдар жашына, расасына, жынысына карабай  бирдей укуктарга ээ деген менен, эмнегедир коомчулукта терс көрүнүштөр да күчөп жаткандай. Ага мисал катары жакынкы айдагы эле аялдарга зомбулук көрсөтүлгөн окуяларды айтсак болот. Ошол себептен, бул макалада коомчулуктагы зордук зомбулук тууралуу жазууну чечтим.

 

Макалабызда алгач,  зордук зомбулук тууралуу маалымат берип өтөлү. Бүткүл  дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аныктамасы боюнча - алдын ала ниеттенип күч колдонуу менен ишке ашырылган же коркутуп, үркүтүү менен өзүнө же башка адамдар тобуна, коомчулукка каршы аракеттин натыйжасы болуп денеге оор жаракат алып келүү, өлүм, психологиялык жаракат сыяктуу ар кандай зыян келтирүүлөр зордук-зомбулук болуп эсептелет. 

 

Зордук зомбулуктун  психологиялык, физикалык, сексуалдык, муктаждыгын барк албагандык өңдүү төрт түрү бар.

 

Зордук зомбулуктун коомчулукта көбөйгөндүгүн такталган маалыматтар да ачык көрсөтүп турат.  Зомбулукка көбүнчө коомчулуктун аялуу катмары болгон жаш балдар жана аялдар , кары адамдар учурайт .

 

Статистикалык маалыматтарга таяна турган болсок,  кризистик борборлорго кайрылгандардын арасынан көпчүлүк бөлүгү айымдар болуп эсептелет.  2018-жылы Кризистик борборлорго  452 эркек киши кайрылган болсо, аялдардын сана 5520га жеткен.  

 

Ал эми Кыргызстанда кыйынчылыкка кабылган аялдар үчүн кризистик борборлордун саны 20га чукулдайт.  Бирок, үй бүлөлүк зомбулукка учураган аялдардын саны азайбай келет.  Жылына 7,5-8 миӊ аял жардам сурап кайрылат. Анткен менен  БУУнун аялдар боюнча уюму кризистик борборлордун жумушун канааттандырарлык эмес деп баалаган. 

 

Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүнө таянып турган болсок, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкөдө аялдарынын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөөдө  психологиялык,  физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. 

 

Ал эми жаш балдарга кайрыла турган болсок,  Юнисеф балдарды коргоо уюмунун изилдөөлөрүндө,  Кыргызстандагы балдардын 73% үй-бүлөөдөгү таш боордукка, ырайымсыз мамиледен жана кайдыгерликтен жабыр тартышат.  Мектеп курагындагы балдардын 83.5% зордук зомбулукка дуушар болушат. 

 

Зомбулук көрсөтүүнүн келип чыгуу себептери болуп, зомбулук көрсөткөн адамдын жаш кезинде жаман мамилеге кабылганы, үй-бүлөдөгү экономикалык абал, эрте жаштагы үйлөнүү, адамдардын пиркир келишпестиги болуп эсептелет.  Бул тууралуу “Турмуш абалы начар балдарга көмөк көрсөтүү болборунун” психологу Мая Толмушаковага карылып көрдүк. 

 

“ Зордук зомбулуктун себептери көп. Ичинен эң эле маанилүүсү болуп, зомбулук көрсөткөн адамдын мурда өзү да зомбулукка каблыганы болуп эсептелет. Адам негизи эмнени көрсө, кийин да ошол нерсени жасайт. Азыр зомбулукка кабылган балдардан  да кийин ошондой адамдар чыгышы толук мүмкүн. Зомбулктун бирден бир себеби болуп, үй-бүлөнүн экономикалык абалы эсептелет.  Мындай жагдайда жашаган аялдар да, жаш балдар да көп кыйынчылыктарга дуушар болушат. Ал эми бизге кайрылган адамдардын көпчүлүгү турмуш абалы начар болгон үчүн ичип кеткен, же чет жерге иштеп кетип балдарын таштап кеткендер кайрылышат”, - дейт Мая Толмушакова. 

 

Жазган: Найзабек Мукамбетов

Сүрөт: интернеттен алынды






Вернуться назад