Главная > Университет > Манаста “Ачык эшик күнү” өттү.

Манаста “Ачык эшик күнү” өттү.


29 марта, 09:30. Разместил: bulentnamal

2016-жылдын 27-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Ч.Айтматов атындагы кампусунда “Ачык эшик күнү” болуп өттү.

“Ачык эшик күнүнө” Кыргызстандын бардык аймактарынан бүтүрүүчү класстардын окуучулары келишти.

Бул иш-чаранын алкагында болочоктогу студенттерге “Манас” университетинин таанытуу тасмасы көрсөтүлүп, андан соң кампуска чакан саякат уюштурулду.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана окуу жайдын биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев ачык эшик күнүнө келген окуучулардын бардык суроолоруна жооп беришти.

“Ачык эшик күнү” мамлекеттик КТРК телеканалынан да чагылдырылды.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү,

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү.


Вернуться назад