Главная > Университет > Фатима Раатбек кызы президенттик стипендияга татыды

Фатима Раатбек кызы президенттик стипендияга татыды


27 декабря, 20:38. Разместил: bn

КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков 27-декабрда 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган студенттерге салтанаттуу түрдө президенттик стипендия тапшырды.

Мыкты окуган студенттердин арасында окуу жайыбыздын коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Фатима Раатбек кызы да президенттин колунан стипендияга татыды.

Президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн жыл сайын тапшырылып келет. Быйыл жарыяланган конкурстун жыйынтыгында 31 ЖОЖдун 74 студенти президенттик стипендияга татыктуу болду. Алар мактоо баракчалары жана 50 миң сом өлчөмүндөгү стипендия менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, өткөн жылы президенттик стипендияга дал ушул бөлүмдүн студенти Адинай Курманова жана экономика факультетинин студенти Атабек Апышев ээ болгон.


Вернуться назад