Главная > Университет > Ректорубуз Түркияда иш сапарында болду

Ректорубуз Түркияда иш сапарында болду


25 марта, 16:34. Разместил: bn

Кыргызстан-Түркия Манас университетинин (КТМУ) ректору проф. док. Себахаттин Балжы, 2016 жылдын март айынын 08-15 арасында Түркияга иш сапарында болуп кайтты.

Ректорубуз Юнус Эмре фондунун башчысы прф. док. Шереф Атеш мырза менен жолугушуп КТМУ студенттери үчүн стажировка жана башка билим берүү маселелерин,

Түркия  республикасы,  жогорку сот башчысы Исмаил Рүштү Жирит менен болгон жолугушуусунда, КТМ университетинин демилгеси менен биргеликте, Кыргызстан менен Туркия мамлекеттер аралык жогорку инстанциялары арасындагы  иш ымаланы пайда кылуу,

Түркия республикасынын өкмөтүнүн кеңешчиси жана камкорчулар кеңешинин башчысы Кемал Маденоглу менен болгон көрүшүүсүндө, КТМУ функциясы жана билим берүү маселеси, 

Ататүрк маданият тил жана тарых курум  башчысы проф. док. Деря Өрс менен болгон жолугушуусунда, эки тараптуу иштешүүнү дагы бекемдөө жана орток долбоорлор,

ТРТ башчысы Шенол Гөка менен болгон көрүшүүсүндө, эки тараптуу иштешүүнү дагы өнүктүрүп, Манас ТВны эфирге чыгарууну баштоо жана ТРТ менен биргеликте орток иш алып баруу,

Кыргызстан республикасынын Анкарадагы элчиси Ибрагим Жунусов менен болгон көрүшүүдө Кыргызстан- Түркиянын байланыштары жана КТМУде аткарылган иш чаралар,

Юридикалык академиясынын башчысы Йылмаз Акчил менен болгон жолугушууда, КТМУдеги тиешелүү бөлүмдөрдөгү билим алган жаштардын ар жылы аталган академияда стажировкага жолдоо,

Диний иштер башчысы Мехмет Эмин Өзавшар менен болгон жолугушуусунда Теология факультети мечитинин бүтүрүлүшү үчүн аталган курумдан колдоо көрсөтүлүшү маселелери талкууланды.

Ректорубуз Түркияга болгон иш сапарында,  Түркия республикасынын өкмөтүнүн башкы кеңешчиси Максут Серим, Түркия республикасынын билим беүү министирлиги жогорку билим берүү жана чет элде билим берүү мүдүрү Бүлент Чифтчи, жогорку билим берүү курум башчысынын оорун басары жана Камкорчулар кеңешинин мүчөсү проф.док. Йавуз Атар менен да иш жолугушуусунда болду.

 

Радио жана ТВ мүдүрлүгү,

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу


Вернуться назад