Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Актёрлук кесипти футболдон утуп алгам

Актёрлук кесипти футболдон утуп алгам


22 ноября, 11:11. Разместил: sharizat

12.11.2019 ."Автопортрет" уктуруусунда кесибин өзгөчө сүйгөн мыкты актёр Болотбек Тилек болду.  Эфирдин жүрүшүндө коногубуз балалык чагын, кино жаатына кантип аралашып калганын, ошондой эле келечектеги максаттары жана пландары менен да бөлүшүп кетти.

       Актёр Болотбек Тилек угармандардын суроолоруна жооп берип жатып: " Актёрлукка тапшырып, кино жаатында эмгектенем дегенде,  үй-бүлөм каршы болгон.  Анан атам экөөбүз  футболго мелдешип, мен утуп алгам. Ошол себептен актёрлук кесипти футболдон утуп алгам дейм" - деп тамашалуу жооп узатты.

      Бала чагында врач болууну кыялданган коногубуз: " Ак шоола " сериалындагы Арнастын ролу өзүмө аябай жагат. Анткени врач болуу кыялым ошол сериялда  орундалды. " - дейт

 

Маекти толугу мененYOUTUBE баракчабыздан көрө аласыздар.

 

Маектешкен:Шайыр Бакытбекова, Жоомарт Шайдылдаев.

 


Вернуться назад