Главная > Новости "Медиа Манас" > Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда эл сүрөтчүсү, атактуу актер С.Чокморовдун 80 жылдык мааракеси белгиленди

Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда эл сүрөтчүсү, атактуу актер С.Чокморовдун 80 жылдык мааракеси белгиленди


15 ноября, 14:39. Разместил: aynagul

Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбой турганын белгиледи. Өлкө башчысы залкар тууралуу айтып жатып, турмушта жашоо-өмүрү кыска болсо да, элдин эсинде өмүрү узун, мекен үчүн өтө чоң бир адамдын өмүрүнө сыйбай турган эмгек өтөгөн инсандар унутулбайт — деди. Президент ошондой эле, Чокморовдун катышкан кино тасмалары элибиздин кары-жашына улуу-кичүүсүнө карабай, бардык көрүүчүлөргө жаккан, сүйүктүү чыгармаларына арналганын билдирди. Президент өз сөзүндө кыргыз киносунун тарыхында Чокморов “Эң мыкты актер” наамын беш жолу  алгандыгын да баса белгиледи. Буга чейин Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков актёр Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган “Эсимде”сүрөт көргөзмөсүнө жана сүрөткердин үй музейине да барып анын жараткан эмгектери менен таанышып чыккан.

Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүй өрөөнүндөгү Чоң-Таш айылында туулган. Ал 1992-жылы 53 жашында каза тапкан. Советтик кино өнөрүн көптөгөн чет мамлекеттерде тааныткан. 


Вернуться назад