Главная > Университет > Жаңы студенттер менен таанышуу кечеси

Жаңы студенттер менен таанышуу кечеси


24 сентября, 17:28. Разместил: bn

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин теология факультетине жаңы келген 1-курстун студенттери менен таанышуу кечеси болду.

Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында 1-курстун студенттери менен,  ал эми 24-сентябрь күнү даярдоо курсунун студенттери  менен факультеттин деканы, профессор Мустафа Көйлү, декандын  орун басары, доцент Бакыт Мырзараимов, бөлүм жетекчилери, профессор Осман Эйүпоглу, профессор Мустафа Чамаклыоглу жана окутуучулар жолугушту.

Факультет жетекчилиги студенттер менен таанышкандыгына абдан кубанычта экендигин билдирип, окууларына ийгилик каалады.


Вернуться назад