Главная > Университет > Профессор Куртулуш Карамустафа Манас фм радиосунун коногу болду

Профессор Куртулуш Карамустафа Манас фм радиосунун коногу болду


18 сентября, 16:48. Разместил: bn

Кайсери университетинин ректору, профессор Куртулуш Карамустафа Манас Фм радиосунун «Манас радиосунда маек куруу» атуу программасына катышып, түз эфирде конок болду. Программаны Медиа Манас бирикмесинин мүдүрү, др. Бүлент Намал алып барды.

Профессор Куртулуш Карамустафа Манас радиосунун угармандарына Кыргызстан аябагандай кооз жана маданий мурастарга бай жер экенин жана Кайсери университети менен КТМУнун ортосундагы кызматташуу иштери тууралуу, ошондой эле «Маданий мурас жана туризм» конгрессинде жасаган «Түрк дүйнѳсүндѳ туризмди кантип ѳнүктүрсѳк болот» деген аталыштагы баяндамасы тууралуу айтып берди.


Вернуться назад