Главная > Университет > TРTнын башкы директору менен жолугушуу

TРTнын башкы директору менен жолугушуу


23 марта, 16:23. Разместил: bn

Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы, TРTнын башкы мүдүрү  Шенол Гөка менен анын иш ордунда жолугушту.

Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында Анкара шаарындагы Tүркиянын Улуттук  телерадио компаниясынын (ТРТ) генералдык директору менен болгон жолугушууга КТМУ Радио жана ТВ мүдүрлүгүнүн директору,  ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн директорунун милдетин аткаруучусу, доктор Бюлент Намал да катышты.

Жолугушууда, Манас  телеканалынын учурда ишке ашып жаткан  текшерүү көрсөтүүлөрүн олуттуу түрдө эфирге чыгаруу иштерин баштоо үчүн ТРТ менен кызматташтыкты өнүктүрүү, ТРТ нын аймактардагы таанытуу иштерине көмөкчү болуу маселелеринин тегерегинде талкуу болду. Өзгөчө, Кыргыз Республикасынын Биринчи коомдук телерадио корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбековдун ТРТга жолдогон кээ бир сунуш-пикирлери ТРТнын башкы директору Шенол Гөкага айтылды.

ТРТ менен кызматташуу, кеңейтилген протоколдун негизинде улантуу көздөлүүдө.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу


Вернуться назад