Главная > Университет > Кайсери университети менен кызматташуу келишими түзүлдү

Кайсери университети менен кызматташуу келишими түзүлдү


17 сентября, 19:07. Разместил: bn

Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында  Кыргыз-Түрк «Манас» жана Кайсери университети ортосунда ѳз ара кызматташуу келишими түзүлдү.

Келишимге КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы жана Кайсери университетинин ректору, профессор Куртулуш Карамустафа кол коюшту.

Келишимдин максаты - окуу жайлар ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, илимий, маданий тармактарда кызматташтыкты бекемдѳѳ. Ошондой эле кызматташтыктын алкагында илимий, спорттук, маданий иш-чаралар уюштурулуп, академиялык жаатта кызматташуу ишке ашырылат.


Вернуться назад