Главная > Университет > Маданий мурас жана туризм конгресси

Маданий мурас жана туризм конгресси


17 сентября, 16:45. Разместил: bn

2019-жылдын 17-сентябрында  Кыргыз - Түрк “Манас” университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби менен Селчук университети биргеликте уюштурган “III Эл аралык маданий мурас жана туризм конгресси” болуп ѳттү.

Иш-чаранын ачылышына ТРнын Бишкектеги элчилигинин ѳкүлү Харун Каржы, Түндүк Кипр ТРнын Бишкектеги өкүлү Атынч Кескин, Кайсери университетинин ректору, профессор Куртулуш Карамустафа, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, Түркиядан келген илимпоз-окумуштуулар жана студенттер катышты.

Иш-чара эки өлкөнүн улуттук гимнинин жаңырышы жана университеттин танытуу тасмасынын кѳрсѳтүлүшү менен ачылды. Андан кийин конгрессти уюштуруу комитетинин төрагасы, профессор Нежми Уянык конференция тууралуу маалымат берди. Иш-чара көркөм ѳнөр факультети тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Конгресстин расмий ачылышында окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы туризмдин ѳлкѳгѳ тийгизген таасири зор экенин баса белгиледи:

“Туризм дүйнѳдѳгү эң кирешелүү тармактардын бири. Туризмдин экономикага тийгизген таасири чоң. Учурда дүйнөдө кызмат көрсөтүү сектору күн сайын өнүгүүдө. Жыл сайын 1 млрд. ашык адам турист катары саякаттайт. Туристтердин максаты жөн эле тоого чыгуу эмес, алар илим-билим, тарыхый-маданий эстеликтерге ѳтѳ кызыккан адамдар. Туризм аркылуу тарыхый жана маданий мурастарыбызды таанытууга жана аларды изилдөөгө мүмкүнчүлүктѳр ачылууда. Ал эми Кыргызстанда туризмди ѳнүктүрүү үчүн кѳп мүмкүнчүлүктѳр бар. Кыргызстандын кооз жаратылышы, тарыхый-маданий эстеликтери ѳлкѳнүн экономикасынын ѳсүшүнѳ жакшы салым кошо алат.Бүгүнкү күндѳ өлкөлөрЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмегинекирүү үчүн болгон аракетин жасап жатышат. 2014-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги киргизилгендигинин куттуктоо иш-чарасы КТМУда ѳткѳнүн сыймыктануу менен айткым келет. Түбү бир болгон Түрк дүйнөсүнүн руханий асыл баалуулуктарын, маданиятын өнүктүрүүгө салым кошкон «Манас» эпосу бүткүл Түрк дүйнөсүнүн улуу мурасы болуп саналат”, - деп туризмдин мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу керектигин кошумчалады.

Андан кийин биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев ѳз сѳзүндѳ туризм экономиканын келечектүү тармагы экенин баса белгиледи: “Кыргызстан дүйнөгө таза табияты менен таанылган. 2018-жылы Кыргызстанга чет элдик туристтерден 7млн. ашык адам кирип, туризмден түшкөн киреше КР Ички дүң өнүмүнүн 5% түздү. Туризм экономиканын келечектүү тармагы десек жаңылышпайбыз. Туризмдин экономикага кошкон салымын арттыруу максатында жана ата мекендик туристтик чөйрөнү өнүктүрүүдѳ КТМУнун туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби ѳз салымын кошуп, бул жаатта мыкты кадрларды даярдап келет”, - деп Туркия Кыргызстанга туризм жаатында колдоосун кѳрсѳтүп келе жатканы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Кайсери университетинин ректору, профессор Куртулуш Карамустафа Ата-журту болгон Кыргызстанга келгенине кубанычта экенин билдирип: “Анадолу аймагы кыргыз боордошторубуздун дагы көңүл борборунда экендигине ишенем. Учурда туризм Туркиянын эң маанилүү сектору болуп саналат. 1963-жылы Маданият жана туризм министрлиги негизделип, ошондон бери бүгүнкү күнгѳ чейин 30 жыл аралыгында Түркия туризм сектору маанилүү кадамдарды жасап, бир топ ѳнүгүүгѳ жетишти”, - деди.

Расмий ачылыш бѳлүгүнѳн кийин конгресстин пленардык жыйынына профессор Куртулуш Карамустафа жетекчилик кылды. Туризм илимпоздор журналынын (ТУАДЕР) төрагасы жана Анкара Хажы Байрам Вели университетинин окутуучусу Мухаррем Туна “Туризмдин келечеги жана Түрк дүйнөсүнүн туризми”, Балыкесир университетинин туризм факультетинин профессору Жевдет Авжыкурт “Жибек жолундагы маданий мурас жана туризм. Кыргызстан жана Туркиянын мисалында”, КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн профессору Кубатбек Табалдиев “Кыргызстандын археологиялык мурасы жана туризм” жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун география, экология жана туризм факультетинин деканынын орун басары, доцент Курманбек Нарынбек уулу “Кыргызстандагы туризмдин өнүгүүсүндө табигый факторлордун таасири” деген аталышта баяндама жасашты.

Иш-чаранын соңунда “Осмон - Кыргыз географиясынын байланыштары” деген аталышта атайын даярдалган тасма көрсөтүлдү.


Вернуться назад