Главная > Университет > Анадолу мектебинин окуучулары Чыңгыз Айтматовду эскеришет

Анадолу мектебинин окуучулары Чыңгыз Айтматовду эскеришет


11 сентября, 23:27. Разместил: bn

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги “Маданият көпүрөсү” долбоорунун алкагында Бишкекке келген Анадолу мектебинин ѳкүлдѳрүн жылуу тосуп алышты.

Үстүбүздѳгү жылдын 9-13-сентябрь күндѳрү ѳтѳ турган иш-чарага Түркиянын мурдагы Айыл чарба министри жана Анадолу мектебинин жетекчиси, профессор Сами Гүчлүнүн жетекчилиги астында Кыргызстанга келишкен Анадолу мектебинин окуучулары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түркология бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы, Кыргызстандагы белгилүү Айтматов таануучулар, атактуу жазуучулар менен жолугушат.

Анадолу мектебинин максаты–окуучулардын өзүнүн улуттук жана руханий баалуулуктарын билген,Түрк дүйнөсүнүн маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошушкан акын-жазуучулардын чыгармаларын, ошондой эле бул акын-жазуучуларга арналган тандалма чыгармаларды окууга табитин ойготууга, тандап алган чыгармасы боюнча докладдарды жазууга жана ар кыл иш-чараларда баяндама жасоо көндүмүн калыптандырууга тарбиялоо болуп саналат.   

Анадолу мектеби 2012-жылы адабий окуу иштерин Түркиянын Сакарья шаарында баштап, учурда 30га жакын аймакка тарады жана ага катышкан окуучулардын саны  3000ге жакын. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Түркиянын ар кыл шаарларында көптөгөн адабий окуулар уюштурулуп, бул иш-чараларга 600дөн ашык студент катышкан.

9-сентябрь күнү Түркиянын мурдагы Айыл чарба министри жана Анадолу мектебинин жетекчиси, профессор Сами Гүчлү баштаган делегация мүчѳлѳрү университеттин жетекчилиги менен жолугушуп, Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси, Бишкектин борбордук мечити жана “Ала-Тоо” аянтына барышты.

Андан кийин ТРнын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган иш-чарага катышып, экинчи күнү Токмок шаарындагы Бурана мунарасына,Ысык-Көл жана Балыкчы шаарларына,Чолпон-Ата тарых маданият музейи жана Чынгыз Айтматов атындагы Рух ордо маданий комплексине, ал эми үчүнчү күнү КТМУда ѳтѳ турган Ч.Айтматовдун элесине жана анын чыгармачылыгына арналганэки отурумдуу пленардык жыйынга катышмакчы. Ошондой эле келген коноктор үчүн КТМУнун Археологиялык музейине экскурсия уюштурулат жана Ала-Арча улуттук паркына барышат.

Анадолу мектеби тууралуу кененирээк маалыматты тѳмѳнкү шилтемеден аласаңыздар болот.


Вернуться назад