Главная > Экономика > Улуттук банк биринчи жолу калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча долбоорду коомчулуктун назарына сунду

Улуттук банк биринчи жолу калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча долбоорду коомчулуктун назарына сунду


22 марта, 15:34. Разместил: sharizat

Иш-чарага экономика, финансы, социалдык илимдер тармагынан 50 ашуун катышуучу болду. Финансылык сабаттуулук темасындагы презентация менен Кыргыз Республикасынын улуттук банкнын төрагасы Т. Абдыгулов, ∙Өнүктүрүү саясат институтунун Башкармасынын башчысы Н. Добрецова,   “Кыргыз фондулук биржа” ЖАК президенти Н. Ниязов  ж.б чыгып сүйлөштү. 

 

Улуттук банктын өкүлдөрү тарабынан, ишчаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин аныктоо үчүн жүргүзөн социалдык иликтөөнүн жыйынтыгы сунушталды. Иликтөө 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын буйрутмасы боюнча жана финансылык жеткиликтүүлүк Альянсынын колдоосунун алдында жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчетту жалпыга маалымдоо каражатынан жана www.finsabat.kg. сайтынан тапса болот.

Мындан сырткары, коомчулукта биринчи жолу “2016-2020-жылдарга карата КР калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун Программасы” долбоорунун бетачары болду. Аны иштеп чыгууга мамлекеттик органдардын, коомдук уюумдардын жана коммерциялык структуралардын өкүлдөрү катышкан. Программада каралган иш-чаралардын негизги максаты – жарандардын финансылык сабаттуулугунун жана финансылык жүрүш-туруш маданиятынын деңгээлин жогорулатуу. Алдын ала бул документте каралган иш-чаралар жаш муундардын финансылык сабаттуулугун тийиштүү деңгээлге чейин тарбияланышына жана өздүк финансыны колдонунуунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга жана финансылык инструменттерди сапаттуу колдонууга өбөлгө түзөт. Азыркы тапта документ КР Өкмөтүнүн кароосуна жөнөтүлдү.

 

Тегерек столдун катышуучулардын алдында сүйлөп жатып, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов: “Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө калктын финансылык сабаттуулугунун төмөндүгүнүн көйгөйүнө карата системдүү чара колдонуу керектигин көргөзүп, бул ишти мамлекеттик деңгээлге чыгаруу, ага финансы секторунун негизги катышуучуларын тартуу керектигин көргөздү.  Мамлекеттик программа 4 жылга каралып, анын максаты финансылык сабаттулук деңгээлин жана жарандардын финансылык жүрүш-турушунун маданиятын жогорулатуу менен финансылык чечимдердин деэңгээлин финансылык билим жана тажрыйбалардын негизинде арттырып, финансылык кызмат көрсөтүүнүн шартын жакшыртуу жана ошондой эле финанслык билимдердин мыкты тажрыйбасын жайылтып жана аныктоо болуп саналат”-деп билдирди.

Тегерек столдун катышуучулары Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугунун деңгээлинин төмөндүгү бүгүнкү күндөгү эң бир татаал маселе катары карашып, аны чечүүнүн жолун - социалдык туруктуулук жана өлкөнүн экономикалык өсүшү, ага экономикалык инвестициялардын келиши менен байланыштырышты. Ишчарада эл аралык тажрыйба активдүү талкууланып, биздин өлкөдө финансылык сабаттулукту жогорулатуу үчүн ийгиликтүү методикаларды колдонуу сунушталды. Ошондой эле калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуудагы жергиликтүү финансылык секторлордун мүмкүнчүлүгү тууралуу суроолор каралды. Толкунбек Абдыгулов “”Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын максаты өлкөнүн борбордук банкы катары баалардын жеткиликтүүлүгү жана туруктуулугу болуп эсептелет. Банктын алдыга койгон бул максаттарынын аткалашы үчүн улуттук валютада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн колдоо, коопсуздукту камсыздандыруу жана республиканын банктык жана төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн арттыруу сыяктуу негизги тапшырмалар турат. Банк системасындагы финансылык туруктуулукка жетүүнүн башкы факторлорунун бири болуп, калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээли эсептелет”, - деп белгиледи. 

 

Калктын финансылык сабаттуулугунун жогорулатуунун көйгөйүнө мамлекеттик органдар гана эмес, атуулдук уюмдар дагы кызыкдар. Алар, Улуттук банк сыяктуу эле, дайыма калктын жаш жана улуу өкүлдөрүнө үйрөтүүчү семинар жана тренингдерди өткөрүп келишет. Өнүктүрүү саясаты институту башкармасынын төрайымы Надежда Добрецова “Азыр тенденция мындай: багыттуу топ катары жаштар эсептелет. Анткени алар оңой үйрөнүшөт жана алардан стратегиялык келечек көз каранды. Ошондуктан, аларга: өздүк каражатты үнөмдөө, банктык жана микрофинансылык сектордон колдонуу, салыктык тартип жана атуулдук жоопкерчилик сыяктуу билимдер керектелет. Биздин балдар кичинекей кезинен баштап, билим алуу үчүн үнөмдөө мүмкүнчүлүгү, инвестициялоонун коопсуздугу жана жарандык жоопкерчилик, финансылык тобокелдик жана өздүк финансылык башкаруу боюнча актуалдуу  маселелерди билиши керек”, - деп билдирди.


Вернуться назад