Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Сабина Омор "Манас" радиосунда

Сабина Омор "Манас" радиосунда


1 июля, 11:37. Разместил: sharizat

      Манас радиосунда жуманын ар шейшемби күндөрү жаңыра турган "Автопортрет" программасынын 18.06.2019,  60 мүнөттүк чыгарылышында бийчи жана ырчы, "Кыздын сыры", "Джентльмен" аттуу ырлары менен өзүнүн күйөрмандарын сүйүнтүп келе жаткан Сабина Омор кызыктуу маек курду. Чыгармачылык жолу алгач бийчиликтен башталып, андан соң вокалдык билими жок болгондугуна карабастан ырчылыкка аттангандыгы, бирок учурда билим алып жаткандыгы, өзүнүн күйөрмандарынын купулуна толо турган ырларды, клиптерди жаратууну максат кылгандыгы тууралуу коногубуз кыядана бөлүштү.

       Эфирдин толук видео материалын биздин ютуб каналыбыздан тапсаңыздар болот. Эске сала кетсек, бул чыгарылыш "Автопортрет" уктуруусунун ушул сезондогу акыркы чыгарылышы болду. Эмки созондо угушканча… Башканы коюп Манасты ук.

 

                         Жазган: Жоомарт Шайдылдаев


Вернуться назад