Главная > Университет > ЖЧК “Чайна Петроль Жунда” компаниясы менен кызматташууга кол коюлду

ЖЧК “Чайна Петроль Жунда” компаниясы менен кызматташууга кол коюлду


12 июня, 13:48. Разместил: bn

2019-жылдын 11-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен ЖЧК “Чайна Петроль Жунда” компаниясы ортосунда кызматташуу боюнча келишими түзүлүп, меморандумга КТМУнун биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев жанаЖЧК “Чайна Петроль Жунда” компаниясынын башкы директоруАлтынбекСадырбаев кол койду.

Иш-чарага университеттин жана ЖЧК “Чайна Петроль Жунда” компаниясынын ѳкүлдѳрү катышты. Кызматташуунун максаты - КТМУ менен ЖЧК “Чайна Петроль Жунда” компаниясынын ортосунда билим берүү, илим, инновация жана технология чөйрөсүндө өз ара пайдалуу маалымат, тажрыйба алмашуу жана кызматташууну кеңейтүү болуп саналат.

Мындан ары тараптар төмөнкү багыттар боюнча иш алып бармакчы:

- өз ара кызыгууну жараткан биргелешкен конференцияларды, тегерек столдорду, аныкталган темаларда семинарларды өткөрүү;

-  ЖЧК “Чайна Петроль Жунда”кызматкерлери үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын, обзордук лекцияларды өткөрүү;

- ЖЧК “Чайна Петроль Жунда”кызматкерлеринин ЖЧК “Чайна Петроль Жунда” ролун жана функциясын түшүндүрүү максатында академиялык адистерге жана студенттерге семинар өткөрүүсү;

- Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жана чет элдик изилдөө борборлорунун адистерин жана бул долбоорлорду каржылоо үчүн донор уюмдарын тартуу мүмкүндүгү менен ЖЧК “Чайна Петроль Жунда”тарабынан аныкталган темалар боюнча биргелешкен изилдөө иштерин жана долбоорлорду жүргүзүү;

- Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттеринин практикасы үчүн жумуш орундарын берүү;

- ЖЧК “Чайна Петроль Жунда”жүргүзгөн илимий-изилдөө, методология, аналитика жана башка чөйрөдөгү иштерге Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан илимий экспертиза жүргүзүү.


Вернуться назад