Главная > Новости "Медиа Манас" > “Манаста Quiz” интеллектуалдык оюнунун финалы

“Манаста Quiz” интеллектуалдык оюнунун финалы


23 May, 14:26. Разместил: aynagul

“Манаста Quiz” интеллектуалдык оюнунун III сезонунда Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинин түрдүү факультеттеринде билим алып жаткан 8 студент оюнга катышып,  Беларусь, Латвия, Литва, Эстония өлкөлөрү туурасында оюндар өткөрүлдү.

           Ал эми финалдык оюнда үчүнчү сезондун жүрүшүндө эң көп упай топтогон студенттер: Коммуникация факультетинин  1-курсунун студенти Улукман Жакыпбеков менен табигый илимдер факультетинин 1-курстун студенти  Жылдыз Гыязова ат салышты. Оюнчуларга кругозордук багыттагы, кызыктуу фактыларга негизделген суроолор берилди.

              Оюндун жыйынтыгында, Жылдыз айым 40 упай топтой алды, ал эми Улукман мырза 55 упай менен “Манаста Quiz” интеллектуалдык оюнунун жеңүүчүсү деп табылды. Эки оюнчуга тең “Шанс” китеп дүкөнү тарабынан китептер белекке берилди.

              Белгилей кетсек, “Манаста Quiz” интеллектуалдык оюну- студенттердин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу максатында өткөрүлүп, ар аптанын жума күндөрү саат 16:30-17:00 арасы эфирге чыгууда. Ага КТМУнун баардык бөлүмдөрүнөн студенттер катыша алышат.

                                                                                                                    Даярдаган: Акымбаев Алтынбек


Вернуться назад