Главная > Новости "Медиа Манас" > "Ак Илбирс" 2019

"Ак Илбирс" 2019


5 апреля, 16:28. Разместил: sharizat

Бул жылы  "Ак Илбирс" Улуттук кино сыйлыгындагы "Дүйнөлүк кинематографияга көрүнүктүү салым кошкону үчүн" атайын байгеси КРнын эл артисти, оператор жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ага-окутуучусу Манасбек Мусаевге берилет. 

  Манасбек Мусаев - СССР кинематографиясынын отличниги, СССР Мамлекеттик Сыйлыгынын лауреаты, Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор. Бүткүл Россиялык кинематография институтунун операторлук факультетин аяктаган. 1970-жылдан тарта "Кыргызфильм" киностудиясында, "Кыргызтелефильм" студиясында жардамчы оператор катары эмгектенген. "Советтик Кыргызстан" , "Күндүн жаңылыктары" киножурналдарынын сюжетин, документалдуу фильмдерди тарткан. 1972-жылдан тарта көркөм тасмаларды тарта баштаган.  Ал операторлук кылган тасмалар бүткүл дүйнөлүк жана бүткүл союздук кинофестивалдардагы жогорку сыйлык, дипломдорго татыктуу. 

 Кыргыз кереметинин көрүнүктүү кинокартиналары катары М. Мусаевдин "Ысык-көлдүн кызгалдактары" , "Ак кеме" , " Эл арасында" , " Бөрү зындан" , " Жамиля" ж.б. эмгектери саналат

 "Ак Илбирс" кино сыйлыгын тапшыруу аземи 2019-жылдын 26-апрелинде "Манас" кинотеатрында орун алат. 


Вернуться назад