Главная > Новости "Медиа Манас" / Радиоподкаст > "Бул кечте" программасында поэзия кечеси

"Бул кечте" программасында поэзия кечеси


5 апреля, 11:13. Разместил: sharizat

2.04.2019 "Бул кечте" программасында  Кыргыз- Түрк "Манас" университетинин студенти, жаш акын, Мирлан Аскаров конокто болду.

Эфирдин алкагында акын, кантип ыр жазып баштагандыгын айтып, ага себеп сүйүү экендигин баса белгиледи. Өзү Экономика бөлүмүндө окуп жатканына карабай "акынчылык өнөрдү дагы өркүндөтүп, проза жанрында дагы өзүмдү сынагым келет" - деген максаттарын айтты .Угармандарга өзүнүн ырларын окуп берип, эфирди көрктөндүрдү. Жаш акындын азыркы учурда эки ыр жыйнагы бар .

Айта кетсек 2018-жылы  "Манас"университетинде  Мирландын поезия кечеси өткөрүлгөн. 

Эфирди алып барган: Аяна Мукашова жана Алтынай Нурланова.

Жазган: Илгиз Сейидакматов


Вернуться назад