Главная > Новости "Медиа Манас" > БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨР КҮНҮ

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨР КҮНҮ


15 марта, 12:03. Разместил: Jyldyzbek

Мына ушул күндүн маанисин утурлай Кыргыз-Түрк Манас университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин Финансы бөлүмүнүн 2 курсунун студенттери Нуриза Сагыналиева менен Нуриза Сагыналиева менен Кундуз Абдрахманова "Жаңы күн" уктуруусунда конокто болушту. 

 

Өздөрүнүн студент экенине карабай студиянын коноктору 1 саат аралыгында угармандарга жалпы эле керектөөчүлөрдүн укугу, аны коргоо үчүн кандай маалыматтарга ээ болуш керектигин, билим берүү министрлиги тарабынан жарандарга керек болсо мектеп курагынан тартып "Керектөөчүлөрдүн укугу" деген сыяктуу сабак коюлса жакшы болоорун ирети менен айтып беришти. 

 

Эфир үчүн атайы даярдай келген материалдарга таянып төмөнкү маалыматтарды да бөлүшө кетишти:

 

Расмий түрдө 1961-жылы 15-мартта АКШнын 35-президенти Джон Кеннеди АКШ конгрессинде керектөөчүлөрдүн 4 эң негизги укугун белгилеп кеткен. Кийинчерээк дагы 4 пункт кошулган. Булар кийинчерээк бүткүл өлкөлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо мыйзамынын негиздеринде орун алган. 

 

1. Биринчи даражадагы керектөөчүлөрдү канааттандыруу

2. Коопсуздук

3. Маалымат алуу

4. Эркин тандоо

5. Өз пикирин угузуу

6. Келтирилген зыянды калыбына келтирүү

7. Сабатсыздыкты жоюу

8. Таза экологиялык чөйрөдө жашоо

 

кененирээк маалымат төмөнкү видео шилтемеде орун алган:

https://www.youtube.com/watch?v=XFYanVXTab8

 

МедиаМанас, Жылдызбек Турсунбаев 


Вернуться назад