Главная > Новости "Медиа Манас" / Радиоподкаст > Келин-кайненин мамилесин чагылдырган жаңы тасма чыкты

Келин-кайненин мамилесин чагылдырган жаңы тасма чыкты


14 марта, 16:22. Разместил: sharizat

13/02/19 "Бул кечте" программасында  жаңы прокатка чыккан "Кайнене" кинотасмасынын режиссёру, актёр Сапар Сайназаров жана тасмада башкы ролду аткарган театр, кино актеру Болотбек Тилек конокто болушту.

     Эфир жүрүшүндө тасма тартуу процессиндеги кыйынчылыктар, алдыдагы пландар, жеке жашоолору жөнүндө маек курушту.

      Тасма тууралуу С.Сайназаров: " Бул идеяны көптөн бери ойлонуп, сценарий жазып жүргөм. Фильм жалпы 6 айда тартылып бүттү. Тасма комедия жанрында жана башкы идеясы келин менен кайнененин ортосундагы мамилени жакшыртуу. Коомчулук тасмабызбы жакшы кабыл алды",- деди. 

      Эскерте кетсек "Кайнене" кинотасмасын бардык кинотеатрларынан көрө аласыздар.

Жазган: Алтынай Нурланова


Вернуться назад