Главная > Новости "Медиа Манас" > Асылбек Бактыбеков: " Бул даражага жетишиме "Манас" радиосунун салымы чоң"

Асылбек Бактыбеков: " Бул даражага жетишиме "Манас" радиосунун салымы чоң"


11 марта, 14:56. Разместил: sharizat

  "2-этаж" программасында "Манас" радиосунун эң эмгекчил алып баруучуларынын бири Асылбек Бактыбеков конокто болду. Ал 2012-2016-жылдар аралыгында эмгектенип   "Антидепрессант" программасынын автору жана алып баруучусу болгон. Жарым саат ичинде эң алгачкы жолу микрофондун алдына отурган кезиндеги толкундоолору, радиодо башынан өткөн кызыктуу окуялары ошондой эле анын азыркы ийгиликтерине алып баруучулуктун тийгизген таасири жөнүндө кызыктуу маек куруп берди. " "Манас" радиосу жаштар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Андыктан мүмкүнчүлүгүңөрдү туура пайдалангыла. Келгиле! Иштегиле! Изденгиле! Өнүккүлө! "- деген мотивациялык кеңештерин жаштар үчүн аяган жок. Эскерте кетсек, Асылбек Бактыбеков азыркы учурда "КТРК.Спорт" телеканалында эмгектенет.  

"2-этаж" программасынын алып баруучулары: Гулиза Абдибек кызы , Альбина Эсентурова , Адина Капарбекова

 

Жазган: Адина Капарбекова

 


Вернуться назад