Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Таштандыны туура иргөө маанилүү

Таштандыны туура иргөө маанилүү


28 февраля, 09:28. Разместил: aynagul

Ар ичкен суусундугубуз куюлган бөтөлкө жүздөгөн жылдар бою чирибей табигатка оңбогондой зыян келтирээринен кабардар чыгарсыз. Бирок буга карабастан желим бөтөлкөлөрдү колдонуп жана аларды бет алды ыргытып жүргөнүбүз кейиштүү. Ал эми туура таштанды иргөө аркылуу табигатты коргоп, тазалыкты сактап калууга болот. Дал ушул тема боюнча, окуу жайыбыздагы студенттик "БИОТА" эко клубунун өкүлдөрү Венера Эдилбек кызы жана Айгерим Маматова "Манастан салам" уктуруусунун алкагында кеңири айтып беришти. Программанын жүрүшүндө коноктор, таштандыны кантип иргөө керек, Бишкек шаарында иргелген таштандыны кабыл алуучу пункттар тууралуу маалымат берип, университетибиздин имараттарындагы макулатура жана пластикке арналган кутулардын максаты, аларга байланыштуу эксперимент тууралуу да ой бөлүшүштү.

                                                                                                  Даярдаган: Баян Аманатова


Вернуться назад