Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Улуттук көөнөргүс мурастарыбыз

Улуттук көөнөргүс мурастарыбыз


13 февраля, 16:31. Разместил: aynagul

Жакында Президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук Академиясын түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон. “Манас” эпосун, жалпысынан кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө Жарлыктын максаты болуп саналат.

Улутубуздун руханий туу чокусу болгон "Манас" эпосу менен Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматовдун атындагы Академиянын түзүлүшү көркөм сөз өнөрүнүн эбегейсиз зор бийиктигин жаратып, көөнө маданияты менен дүйнөлүк шедеврди жараткан элибизге чоң олжо. 

Улуттук көөнөргүс мурастарыбыз тууралуу уктуруунун журушүндө манасчы, филология илимдеринин доктору, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиев “Манассыз” улуттук эс тутумду, улуттук мүнөздүн биримдигин элестетүү мүмкүн эмес, деген пикирин айтты.

Төмөндө “Ракурс” уктуруубузга толугу менен ортоктош боло аласыз:


Вернуться назад