Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Бек Исраилов: " Үй-бүлөмдү Агутин менен Варумдун үй-бүлөсүнө окшотом"

Бек Исраилов: " Үй-бүлөмдү Агутин менен Варумдун үй-бүлөсүнө окшотом"


6 февраля, 15:59. Разместил: sharizat

Баарыбызга белгилүү болгондой Бек Исраилов 2012-жылы Москвада болуп өткөн "Жаны толкун" (Новая волна) сынагына катышкандан кийин жылдызы жанган. Өзү да: "Негизи ага чейин башка да сынактарга катышып жүргөм, бирок бул проектке катышуу негизги максатым болчу. Бул сынака катышканым жашоодо эң маанилүү күндөрүмдөн бири. Ал жакта жүрүп көп атактуу ырчылар менен тааныштым,чогуу жүрүп тажрыйба алдым" дейт. Адамга талант кандан өтөт демекчи, чыгармачылыктан өз ордун тапканынын бир себепчиси да ата-энеси болгодугун белгилей кетти. Эң алгачкы ырдап чыккан " Айжаз кыз" аттуу ырынын сөзү апасына таандык болсо, обону атасына таандык. Ал эле эмес келинчеги Айжаркын да чыгармачылыкка жакын адам экендигин айтат. 

     Эфир жүрушүндө күйөрмандардан келген: "Аялыныз Айжаркындын башка бирөөлөдүн клиптерине тартылуусуна кандай карайсыз?"-  деген суроосуна: "Негизи аны көп колдой бербейм. Бул күнгө чейин бир эле жолу тартылды,анда да досум Джонни суранып калганынан макул болдум. Өзү клип тарттырып, ырдап чыкса макул, бирок менин аялым ал меники, бир гана менин клиптериме тартылышы керек" -дейт (күлүп). Жакында эле чыккан жубайы экөөнүн дуэт ыры тууралуу да эми мындан ары Агутин менен Варумдун үй-бүлөсү сыяктуу дуэт катары ырдап чыгаарын айта кетти. 

 

     Маекти толугу менен төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар.       

   Жазган: Болотова Нурзада 

 


Вернуться назад