Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст > Жаңы күндө Быштак конокто

Жаңы күндө Быштак конокто


11 января, 14:10. Разместил: sharizat

11/01/2019, жүзүнөн жылмаюсу кетпеген,  шайыр мүнөз актёр, тамашоучу, “Эл эмне дейт?” долбоорунун резиденти, “Ак Илбирс- 2017” сыйлыгында “Мыкты монтаж” номинациясынын ээси Актан Рыскелдиев “Жаңы күн” программасында конокто болду.

Актан жакында жарыкка чыккан “Ванчопа” аттуу тасмада Быштактын ролун аткарган. Коногубуз менен аталган тасма тууралуу, андан тышкары жеке чыгармачылыгы тууралуу сөз кылдык.

Анын айтымында, “Ванчопа” чыныгы жашоодо бар адам жана ага ушундай лакап ат коюлуп калган.

“Ванчопа деген байке чындыгында эле бар экен. Бирок анын жашоодогу чыныгы образы менен кинодогу Ванчопа такыр окшошпойт. Ал байке “менин достор арасында атымды эмнеге колдоносуңар?” деп чыкпаса болду дегенбиз. Бактыга жараша эч нерсе деп чыккан жок. Кантсе да, продюсерибиз Асхат Табалдиевдин классташы экен да”- деп кошумчалады ал.

Кызыктуу маекти толугу менен төмөндөн көрө аласыздар. 


Вернуться назад