Главная > Университет > Президенттик стипендияга татыган студенттерибизди куттуктайбыз

Президенттик стипендияга татыган студенттерибизди куттуктайбыз


27 декабрь, 16:43. Разместил: bn

25-декабрь күнү Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган студенттерге салтанаттуу түрдө президенттик стипендия тапшырды.

Мыкты окуган студенттердин арасында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 4-курсунун студенттери: коммуникация факультетинин журналистика бѳлүмүнѳн Курманова Адинай менен экономика жана башкаруу факультетинин экономика бѳлүмүнүн студенти Апышев Атабекда президенттин колунан стипендияга татыды.

Президенттик стипендия жыл сайын президенттин билим берүү фондунан берилип, таланттуу жаштарга моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп келет. Быйылкы жылы Кыргызстандагы 38 жогоркуокуу жайынан президенттик стипендияга 210 талапкер көрсөтүлүп, анын ичинен мыкты делген 69 студент тандалыпалынган. 

КТМУнун жалпы жамааты Атабек менен Адинайды куттуктап, окууларына мындан ары да ийгиликтерди каалайт.

 

Медиа Манас


Вернуться назад