Главная > Новости "Медиа Манас" > ЖАКЫНДА “ЛЯЛЯ-ФА” КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ АНЫКТАЛАТ

ЖАКЫНДА “ЛЯЛЯ-ФА” КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ АНЫКТАЛАТ


25 декабря, 11:58. Разместил: sharizat

27-декабрда саат 19:00 до “Ляля-фа” конкурсунун финалы өтөт. Ага Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин даярдоо курсунда окуган студенттер катышат. 

Алар кастингде 80 ге чукул студенттин арасынан таңдалып алынган, таланттуу жаштар: Мейликан Темирова, Асадбек Тажибаев, Жеңишбек Алмазбеков, Айканыш Калыбек кызы, Зарина Нурумова жана Жазгүл Салидинова. 

Финалдык концертти “Манас” радиосунун түз эфиринен уга аласыздар, ал эми MEDIA MANAS You Tube каналынан, Facebook  баракчабыздан жана mediamanas.kg сайтынан онлайн түрүндө көрсөңүздөр болот. 

Аталган конкурска Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин ректору, проф-доктор Себахаттин Балжы, “Манас” радио/ТВ мүдүрү Бүлент Намал, КРдин эмгек сиңирген артисти Анарбек Ибраев ж.б эстрада жылдыздары калыстык кылышат.  

Эскерте кетсек долбоордун автору Шаризат Ибраева.

Жазган: Гулзира Кенешова 

 


Вернуться назад