Главная > Новости "Медиа Манас" > КТМУнун самбо боюнча биринчилиги болду

КТМУнун самбо боюнча биринчилиги болду


17 декабря, 11:17. Разместил: sharizat

14/12/2018 күнү Кыргыз-Турк Манас университетинин студенттик кеңеш башкармалыгынын спорт комитети, дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин студенттери тарабынан уюштурулган самбо боюнча ачык биринчилиги болуп өттү.

Мелдеште уландар арасында -57 -62 -68 -74 -81 +81 салмак категориясында күч сынаш болду, ал эми кыздар -52 -60 +65 кг  салмактарында күрөшүштү. Биринчиликте жалпысынан 36 медаль ойнотулуп жеңүүчүлөр аныкталды.

Белгилей кетсек утушка ээ болгон спортчулар Кыргыз республикасынын жыл сайын өтүүчү самбо боюнча универсиадага,  Манас университетинин атынан чыгууга мүнкүнчүлүк алышат. 

Жазган: Бекжан Асаналиев


Вернуться назад