Главная > Новости "Медиа Манас" > Кунарбаган “Кызыл жоолук”

Кунарбаган “Кызыл жоолук”


3 декабря, 14:53. Разместил: sharizat

Тасма Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата, залкар жазуучунун "Делбирим" повестинин негизинде экрандаштырылды. Тасманы Өзбеккино жана Кыргызстандагы "Дан" продюссердик борбору тартты.Тасманын бюджети 200 миң АКШ долларын түзүп, актёрлор эки өлкөдөн тандалып алынган. Башкы каармандардын ролун Адиз Ражапов, Мадина Талипбек, Элина Абай кызы, Улугбек Кадыров жаратышты.

    Тасманын продюссери Паризат Жакыпбекованын айтымында,  тасманын сценарийин Керез Зарлыкова жазып , өзбекстандык Сарвар Каримов режиссерлук кылган.

   Эске сала кетсек, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун аталган повести үчүнчү жолу экрандаштырылып жатат. Буга чейин 1972-жылы "Мосфильм" киностудиясы тарабынан Ирина Поплавскаянын режиссерлугунда "Мен Тянь-Шань"(Я Тянь-Шань;1972) жана Түркия мамлекетинде Атыф Йылмаз режиссерлук кылган "Кызыл жоолук жалжалым" (Al yazmalım) 1977-жылы тартылган. Ал эми кинонун Өзбекстандагы премьерасы 16-ноябрда болуп өтүп,ага белгилүү киночулар, актерлор ж.б катышкан.

 

Жазган: Кубаныч кызы Акчолпон 


Вернуться назад