Главная > Новости "Медиа Манас" > КР Улуттук банкы эсептик ченди 4,75 пайыз чегинде калтыруу чечимин кабыл алды

КР Улуттук банкы эсептик ченди 4,75 пайыз чегинде калтыруу чечимин кабыл алды


27 ноября, 12:32. Разместил: sharizat

Улуттук банк Башкармасы 2018-жылдын 26-ноябрында эсептик чен өлчөмүн (чен саясаты) 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2018-жылдын 27-ноябрынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасында инфляция жалпы баа деңгээлинин өткөн үч чейрек катары менен төмөнкү деңгээлде сакталышын тастыктоо менен туруктуу сакталууда. Керектөө баа деңгээлинин жылдык өсүш арымы ноябрь айында (16сына карата) 0,2 пайызды түзгөн. Өлкөдө инфляциянын төмөн чекте сакталышына ичтен өндүрүлгөн сыяктуу эле, иморттолуп алынган азык-түлүк товарларынын жетиштүү сунушталышынан улам, аталган товарларга баанын төмөндөшү түрткүберген. Азык-түлүктөн башка товарларга баанын өсүш арымы да алгылыктуу чекте сакталууда.  

Ички дүң өнүмдө терс ажырымдын сакталышы тышкы туруктуу инфляциялык жагдайдын өкүм сүрүп турушу менен биргеликте, өтүп жаткан жылда инфляциянын төмөн деңгээлде чектелишине өбөлгө түзгөн. Жыл акырына чейин да инфляция Улуттук банк буга чейин жарыялаган чекте сакталып, 2,0 пайызга жетиши болжолдонууда. Тышкы жана ички таасирлер орун албаган шартта, өлкөдө жана региондо экономикалык жигердүүлүктүн бара-бара күч алышы 2019-жылдын орто ченинде инфляциянын 5-7 пайыз чегиндеги максаттуу көрсөткүчкө жетишине шарт түзөт. 

Өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүк өнөр жайы, маалымат жана байланыш чөйрөсүн эске албаганда, экономиканын бардык секторлорунун ага алгылыктуу салым кошуусу менен коштолууда. Айкын эмгек акы өлчөмүнүн көбөйүүсү жана өлкөгө акча которуулардын алгылыктуу динамикасы ички суроо-талаптын артышына түрткү берген негизги фактор бойдон калууда. 2018-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча айкын ички дүң өнүм 2,0 пайызга көбөйгөн, ал эми Кумтөр боюнча маалыматтарды эске албаганда, экономиканын өсүшү 2,6 пайыз чегинде катталган. Улуттук банктын баа берүүсү боюнча тышкы экономикалык шарттар эң оболу, Россия экономикасына келтирилип жаткан басымдын (санкция) деңгээлин аныктаган соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикалык жигердүүлүгүнүн деңгээли Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн эң эле олуттуу фактору бойдон калат.  

Акча-кредит шарттары өбөлгө түзүүчү мүнөздө калыптанууда. Акча рыногунун пайыздык чени Улуттук банк белгилеген пайыздык чек алкагында сакталуу менен эсептик чен жагына ыктоо тенденциясына ээ . Банктар аралык кредит рыногунун жигердүүлүгүнүн күч алышы байкалып, ал катышуучулар санынын артышы менен коштолууда. Жеңилдетилген акча-кредит шарттарын колдоого алуу коммерциялык банктардын кредит портфелин жана депозиттик базаны кеңейтүүгө өбөлгөтүзүүдө. Учурда бүтүндөй банк тутуму үстөк ликвиддүүлүк шартында иш алып барып жаткандыгынан улам, Улуттук банк андан арылтуу операцияларын жүргүзүүнүулантууда.  

Өтүп жактан жылдын август айынын орто ченинде валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талаптын сунуштан арткандыгы байкалган. Ушул шарта алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк чет өлкө валюталарын, анын ичинде АКШ долларын накталай сатуу боюнча валюталык интервенцияларды ишке ашырган. Негизинен ички валюта рыногунда туруктуулук өкүм сүрүп, инфляциялык тобокелдиктердин келип чыгышына эч кандай кооптонуулар жок.  

Чогуу алгандагы ички суроо-талаптын туруктуу өсүшкө ээ болушу, ошондой эле тышкы чөйрөнүн өнүгүшүнө баа берүүлөр республикада орто мөөнөттүк келечекте инфляциянын болжолдонгон динамикасы акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчү чегинде калыптанаарын (5-7 пайыз) болжолдоодо. Бирок, региондо орун алып турган жагдайдын өзгөрүшүнө түрткү берген Россия экономикасына санкциялык басымдын күчөшү кооптонуусу иш жүзүндө далилденсе, Улуттук банк акча-кредит саясатына түзөтүүлөрдү киргизилиши ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.  

Албетте, инфляцияга ички жана тышкы таасирлерге утурумдук баа берүүнүн жана түптөлгөн экономикалык жагдайга жараша Улуттук банк тиешелүү акча-кредит саясаты чараларын кабыл алат.  

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесин кароого алган кийинки отуруму 2018-жылдын 24-декабрына пландаштырылууда. 


Вернуться назад