Главная > Новости "Медиа Манас" > «Haz Party» кандай болот?

«Haz Party» кандай болот?


22 ноября, 11:11. Разместил: sharizat

 

20-ноябрда,  "Бул кечте" программасында "Манас"университетинин студенттик кеңешинин төрагасы Нурсултан Абдимиталипов, анын орун басары Месутжан Бинзет жана маданият министри Элбий Эдилбеков конокто болду.

 

Программанын алкагында студенттик күнгө карата уюштурулган,23-ноябрда боло турчу "Haz Party" аттуу кече тууралуу маек болду. Аталган кеченин уюштуруучулары көрүп жаткан даярдыктар жана ал майрамда боло турчу сюрприздер тууралуу сөз кылышты. Экзамендердин ийгиликтүү аяктап калышы менен куттуктап,бул кечеге "Манас" университетинин бардык студенттерин чакырып кетишти.

 

Эске салсак даярдоо бөлүмүндө  окуп жаткан студенттерге арналган бул иш чара жыл сайын өткөрүлүп турат, ал эми бул жолку кече "Манас" университетинин Коммуникация факультетинде 23-ноябрь күнү, саат 18:00 до башталат.

 

Жазган: Аяна Мукашева


Вернуться назад