Главная > Университет > Тарыхый-архитектуралык эстеликтерди консервациялоо боюнча иштешүү

Тарыхый-архитектуралык эстеликтерди консервациялоо боюнча иштешүү


30 октября, 19:43. Разместил: bn

Үстүбүздѳгү жылдын 30-октябрында Корея Республикасынын Маданий мурастар боюнча борбордук институтунун мүдүрү, др. Чо Санг Джи (Cho Sang Gi) жана изилдөөчү, др. Ким Ву Хюн (Kim Woo Hyun) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармачылыгынын ага адиси Чынарбек Жолдошовдун коштоосу менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келип кетишти.

Жолугушууда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору профессор Асылбек Кулмырзаев жана проректор, профессор Анварбек Мокеев университет тууралуу маалымат беришип, университеттин Түштүк Кореянын илимий жана билим мекемелери менен кызматташтыкка кызыкдар, ал эми Корея Республикасы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Археологиялык-этнографиялык музей-лабораториясын консервация жабдуулары менен камсыз кылууга даяр экендигин билдиришти.

Др. Ким Ву Хюн учурда Корея Республикасынын Ѳкмөтүндө Кыргыз Республикасындагы төрт жогорку окуу жайындагы археологиялык-этнографиялык музейлердин базасындагы консервация лабораторияларына керектүү жабдууларды гранттык жардам катары бекер берүү жана жаш адистер, студенттер үчүн консервация боюнча стаж өткөрүү маселелери каралып жаткандыгы тууралуу кабар берди. Анын  айтуусуна караганда бул долбоор 2020-2024-жылдары ишке ашырылат жана ар бир университетке жалпы суммасы 350 миң АКШ долларга чейинки жабдуулар берилет. Долбоор Корея Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмөттөрү арасындагы келишимдин негизинде ишке ашырылат.

Кореялык адистер июнь айында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сунушу менен КТМУнун Археологиялык-этнографиялык музей-лабораториясын көрүп кетишкен. Др. Ким Ву Хюндун айтуусунда, музей-лабораториянын экспозициясы жогорку деңгээлде уюштурулган. Ал менен катар окумуштуу экспозицияда консервацияга муктаж археологиялык табылгалардын болгондугун жана аларды консервация кылуу үчүн тиешелүү жабдуулардын керек экендигин белгиледи. Бул себептердин баары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Археологиялык-этнографиялык музей-лабораториясын консервация жабдуулары менен камсыз кылуу демилгесин Корея тарап аркылуу колдоого алынуусуна түрткү берди.

Корея адистеринин бул жолку келишинин максаты – жабдуулар орнотула турган лабораториянын бөлмөсү менен таанышуу жана анын негизинде долбоордун бюджетин түзүү болду. Алардын оюу боюнча бөлмөнүн аянты болжолу 80м2 өлчөмүндө болуусу зарыл. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты бул максатта ветеринардык жана инженерия факультетинин имаратындагы (Технопарк) бош бөлмөлөрдүн бирин сунуштады. Корея адистери ал бөлмөлөр менен таанышып, лабораториялык жабдуулар үчүн алардын жарай тургандыгын белгилешти.

Сөз болуп жаткан долбоордун алкагында кандайдыр бир археологиялык казуу жана изилдөө иштери пландалбаса да, келечекте Корея адистери бул багыттарда Кыргызстан археологдору менен кызматташып иш жүргүзүүгө үмүттөрү бар экендигин билдиришти. Др. Ким Ву Хюн өз сөзүндө байыркы мезгилдерде Улуу Жибек жолунда орун алган жана ар кандай тарыхый-археологиялык эстеликтерге бай Кыргызстан аймагы – Корея окумуштуулары үчүн кызыктуу бир изилдөө аянты экендигин белгиледи. Өз кезегинде, проректор Анварбек Мокеев археологиялык изилдөөлөргө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин адистери даяр экендигин жана бул иштердин баардык табылган артефакттардын Кыргызстанда калуусу шарты менен ишке ашырыла тургандыгын белгиледи.


Вернуться назад