Главная > Новости "Медиа Манас" / Телеподкаст / Радиоподкаст > Урмат, Диана: "Максатыбызга жетүү үчүн тажрыйба топтоп жатабыз"

Урмат, Диана: "Максатыбызга жетүү үчүн тажрыйба топтоп жатабыз"


31 октября, 11:04. Разместил: sharizat

     Манас радиосунун "Автопортрет" уктуруусунда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин көркөм өнөр факультетинин студенттери, "Асман" теледолбоорунун катышуучулары Урмат Токомбаев жана Салидинас каймана аты бар Диана Салиевалар маек курду.
    Уктуруунун жүрүшүндө Урмат гитарада кол ойнотуп, созолонто обон созсо , Диана мукам үнү менен жагымдуу ырларды жандуу аткарып угармандарга жакшы маанай тартуулашты. Ошондой эле, угармандардан келген суроолорго жана бөбөктөрдүн "Бал суроосуна" да жооп берип өтүштү.
    "Келечекке койгон максаттарыңар жана аларды аткаруу үчүн кандай аракеттерди көрүп жатасыңар?" - деген суроого Диана:  "Албетте , максаттарыбыз бар. Алгач окууну бүтүп, ыр жаздырып, "Асман" менен гана чектелип калбастан, элге өзүбүздүн ырларыбыз менен таанылсак деп ойлойбуз. Бул нерсени ишке ашыруу үчүн азыркы учурда тажрыйба топтоп жатабыз, " - десе, "Азыркы максатым келечекте баары менин чыгармачылыгымды колдоп, менин ырларымды сүйүп , жан дүйнөсү менен угушун каалайм.Ошондой эле, жеке концерт берсем деген максаттарым бар. Ал үчүн албетте чоң тажрыйба керек. Ал тажрыйбаны бизге "Асман" теледолбоору берип жатат десек болот." - деп жооп берди Урмат.
     Эскерте кетсек, Урмат менен Диана Манас университетинде жыл сайын даярдоо курсунун студенттери үчүн уюштурулуучу "Манас үнү-2017" сынагынын жеңүүчүлөрү.

 

Жазган: Гулиза Абдибек кызы


Вернуться назад