Главная > Мир > Кыргызстандын тышкы иштер министри Японияда
Кыргызстандын тышкы иштер министри Японияда30 октября, 17:05. Разместил: aynagul |
Японияга болгон жумушчу иш-сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Япониянын Курчап турган чөйрө боюнча министри Ё.Харада менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар кыргыз-япония мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулап, курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы орчундуу маселелерди чечүү боюнча кызматташтыкка басым жасоо ниетин билдиришти. Вернуться назад |