Главная > Экономика > Улуттук Банк маалымдайт

Улуттук Банк маалымдайт


30 октября, 11:17. Разместил: sharizat

«Ч. Айтматов - 90 жыл» коллекциялык монетасы кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына арналып чыгарылат.

Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз элинин баа жеткис рухий мурасынын көрөңгөсүн түзөт. Жазуучунун чыгармалары коом ичинде, билим берүүдө жана жаш муундарды тарбиялоо процессинде терең орун алып, маданияттын ажырагыс бир бөлүгүн түзүү менен көптөгөн өлкөлөрдүн билим берүү программаларында камтылган.  

Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин бай тарыхын, көөнөрбөс маданиятын дүйнө жүзүнө тааныткан улуу жазуучу катары элибиздин аң-сезиминде, ар бир инсандын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

 

Монетанын алдыңкы бетине Чыңгыз Айтматовдун портрети жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Монетанын четин тегерете «Чыңгыз Айтматов – 90 жыл» / «Chingiz Aitmatov – 90 years» жазуусу орун алган. Ал эми оң тарабында монетанын номиналы көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлүп,  Ч. Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугу эненин элеси тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтүнүн алкагында чагылдырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы көрсөтүлгөн (2018).

 

Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сертификаты менен өзүнчө кутучага таңгакталган.


Вернуться назад